Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык 19 кызматкерден коронавирус инфекциясы табылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн брифингде айтты.
• Бишкек шаары – 13;
• Ош шаары – 3;
• Ош облусунда – 1;
• Баткен облусунда – 1;
• Талас облусунда – 1.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу 648 медкызматкерлерге коюлган.