Коңшу Казакстанда 980 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 478 адам вирустун симптомдорун алып жүрүүчүлөр болсо, 502си ооруну симптомдору жок алып жүрүүчүлөр.
Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 96 миң 922ге жетти. Бул илдеттен жалпы 70 миң 680 бейтап айыккан.