Бүгүн, 25-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн маалымат жыйын берүүдө.
Ага "Коронавирус жуктуруп алган Жогорку Кеңештин депутаттарынын ысымдары эмне үчүн айтылбай жатат? Жогорку Кеңештин жана президенттик аппараттын канча кызматкери коронавирус жуктурду? Ак Үйдү карантинге жабуу мүмкүнбү?" деген суроо берилди.
Каратаев: "Коронавирус жуктуруп алган депутаттардын фамилиясын айткан этикага туура келбейт. Азыркы күндө алар Республикалык инфекциялык ооруканасында дарыланып жатышат. Бүгүнкү күнү жалаң эле Ак Үйдө эмес, бүт министрликтерде коронавирус аныкталып жатат. Басма сөз кызматынын кызматкерлеринен дагы тастыкталууда. Ак Үйдүн карантинге жабылышы комиссия аркылуу чечилет. Комиссия изилдеп, чечим кабыл алат", - деп жооп берди.