Иранда коронавирус пандемиясы башталгандан бери бир суткада каза болгон адамдардын эң чоң көрсөткүчү катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анда 5-июлдагы маалыматка караганда, акыркы бир суткада 162 адам көз жумган. Ал эми өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри соңку 24 саат ичинде илдетти дагы 2 миң 560 адам жуктуруп алганын билдирди.
Иранда COVID-19 илдетинен жабыркагандардын саны жалпы 240 миң 438ге жетти, анын ичинен 11 миң 571 адам көз жумду.
Иранда пандемияга байланыштуу апрель айында киргизилген карантиндик чектөөлөрдү жумшарткандан бери илдетке кабылгандардын саны кескин көбөйүүдө.