Бир канча аптадан бери Бишкектеги кызматтарга "дене табым көтөрүлүп, жөтөлүп, демим кысылып жатат" деп чалган тургундар көп болууда. Оор кырдаал өзгөчө соңку күндөр ичинде байкалып жатат.
Мындан улам, борбор калаада врачтар онлайн-консультация берген тейлөө ишке киргизилди. Santo компаниясы Madmen Media агенттиги менен үй-бүлөлүк медицина борборлору жана ооруканалардын жүгүн жеңилдетүү, шаардыктардын ал жактарга баруусун коопсуз кылуу максатында www.doctor-online.kg сайтын түздү. Анда врачтар суук тийгизип алуу, дене табынын жогору болушу, тамак оору боюнча кайрылгандарга онлайн-консультация беришет. Билдирмени күнү-түнү калтырууга болот, ал эми кабыл алуу убактысын дарыгер аныктайт. Кабыл алуу убактысы көбүнчө саат 9:00дөн 18:00гө чейинки аралыкта болот.
Жардамды педиатр, терапевт, андан тышкары кардиолог, пульмонолог же дерматовенеролог сыяктуу профилдик врачтар көрсөтүшөт. Ар бир консультация онлайн жүргүзүлөт, анда кезек жок жана көпкө күтпөйсүз. Эгерде профилдик врачтын чукул консультациясына муктаж болсоңуз, анда бүгүн эле жазылып коюңуз.
Эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин бардык консультация бекер жүргүзүлөт.