Ошто 24 саат бою коронавируска каршы эмдөө борборлору ачылды

Ош шаарында 24 саат бою коронавируска каршы эмдөө борборлору ачылды. Бул боюнча шаардык муниципалитеттен кабарлашты.
24 саат бою коронавируска каршы эмдөө борборлору:
- "Тез жардам" станциясы;
- Ак-Тилек кичи районунда жайгашкан шаардык оорукана;
- Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан эски шаардык оорукана.
Ош шаарында жалпы 11 миң 98 адам эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен соңку суткада 1312 жаран эмдөө алса, 76сы вакцинанын экинчи дозасын алды.
Буга чейин Ош шаарында коронавируска каршы акысыз 47 эмдөө борбору ачылганы маалымдалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан