Президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев: "Бардык эрежелерди сактаганыма карабай, коронавирус менден да чыкты"

Буга чейин президенттик аппараттын дагы 9 кызматкеринен коронавирус аныкталганы маалымдалган. Муну менен аппаратта оору жуктургандардын саны 17ге жетти. Алардын арасында аппарат башчысы Досалы Эсеналиев да бар. Эсеналиев үйүндө дарыланып жатканын билдирди.

"Бардык карантиндик шарттарды сактаганыма карабай, тапшырган анализдердин жыйынтыгы менен коронавирус менден да тастыкталды. Үй-бүлөмдөн алынган тест таза чыкты. Учурда үй-бүлө мүчөлөрүнөн обочолонуп, өз алдымча үй шартындагы режимде иштеп, дарыгерден тиешелүү консультация алып, дарыланып жатам. Кудайга шүгүр, оору жеңил формада өтүүдө.

Бардыгыңыздарга ден соолук каалайм, сактансаң - сактайм дейт, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бекем карманып, бул илдетти ынтымакта, биримдикте жеңип чыгалы. Эң негизгиси адистердин айткандарын кылалы, дарыгерлерге күч-кубат каалайлы", - деп жазган ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан