Акыркы учурда 103 жана 118 кызматына жарандар нааразы болуп жаткандыгына байланыштуу премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков Бишкек шаарындагы Ыкчам медициналык тез жардам борборунда "Тез жардам" кызматынын жана мобилдик топтордун ишин күчөтүү боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Кеңешме кечээ, 27-июнда өткөнүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, биринчи вице-премьер Ыкчам медициналык тез жардам көрсөтүү борборунун иши менен таанышкан.
«Коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны көбөйүп жатканына байланыштуу учурда 103 жана 118 кызматына жарандардан кайрылуулар, ошол эле учурда нааразычылыктар дагы көп болуп жаткандыктан, ыкчам түрдө "Тез жардам" кызматындагы бригадалардын санын көбөйтүү зарыл. Ошондой эле мобилдик топтордун иштөө алгоритмин карап чыгуу керек. Медициналык бригадаларды кадрлар менен камсыз кылууну Саламаттыкты сактоо министрлиги уюштурууга тийиш», - деген Алмазбек Баатырбеков.
Көчмө жыйындын соңунда Алмазбек Баатырбеков Саламаттыкты сактоо министрлигине Бишкек шаарынын "Тез жардам" кызматына дагы 20дан ашык бригада кошуу тапшырмасын берип, мамлекеттик органдарга кошумча атайын унаалар болсо "Тез жардам" кызматына берүүнү милдеттендирген.