Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Бишкек шаарынан барган баласынан коронавирус инфекциясын жуктуруп алган 74 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев билдирди.
"Бишкек шаарындагы базарда жашылча-жемиш сатып иштеген баласы айылга тажияга келген. Андан коронавирус инфекциясы аныкталып, 12-июнда ооруканага оор абалда жаткырылган. Ал 16-июнда каза болуп калган. Мындан улам анын үй-бүлө мүчөлөрүнөн 8 адам карантинге алынып, анын апасынан дагы коронавирус инфекциясы аныкталган. Тилекке каршы, 26-июнда апасы дагы коронавирус илдетинен көз жумду", - деди Омошев.
Эске салсак, Бишкек шаарындагы базарда жашылча-жемиш сатып иштеген 1984-жылы туулган жаран коронавирус инфекциясынын айынан каза болгондугу кабарланган.