Орусияда сутка ичинде коронавирустан 139 бейтап каза болду

Орусиянын 83 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 5 миң 204 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 139 адам каза болсо, 7 миң 555 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 687 (айыккандар 1329);

Свердлов облусунда - 181 (айыккандар 92);

Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда - 169 (айыккандар 354);

Москва облусунда - 162 (айыккандар 191) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 866 миң 627 адамдан коронавирус аныкталды. 14 миң 490 адам каза болсо, 669 миң 26 бейтап айыгып чыкты.



Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан