"Ухан вирусу": Дүйнөдө 5 миллиондон ашуун жаран коронавирустан айыкты

Бүгүн, 30-июнга карата дүйнө жүзүн каптаган коронавирус 10 миллион 274 миң 274 адамга жайылды. Анын ичинен 5 миллион 215 миң 575 бейтабы ооруну жеңип чыкты. Тилекке каршы бул оорудан 504 миң 843 адам көз жумду.

Коронавирус эң көп жайылган өлкөлөрдүн сап башында дагы деле АКШ турат. Анда 2 миллион 587 миң 154 адам илдетке чалдыккан. Айыккандар - 705 миң 203, каза болгондор - 126 миң 127.

Бразилия 1 миллион 368 миң 195 адам менен экинчи орунда турат. Анда 754 миң 558 бейтабы ооруну жеңсе, 58 миң 314ү кайтыш болду.

Орусияда 640 миң 246 адамга оору жугуп, тизмеде 3-орунду көрсөттү. Айыккандар - 402 миң 778, каза болгондор - 9 миң 152.

Индияда 548 миң 318 адам бул илдет менен жабыркап, анын 321 миң 723 бейтабы айыккан. Кайтыш болгондор - 16 миң 475.

Ал эми Улуу Британияда 313 миң 470 адамдан илдеттин катталганы аныкталган. Ооруну жеңди делинген жарандар - 1 367, каза болгондор - 43 миң 659.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан