Беларуста COVID-19 илдетинин үчүнчү толкуну башталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, "биздин өлкөдө дагы бир жугуштуу оорунун өсүшү башталууда, биз муну коронавирустун үчүнчү толкунунун башталышы деп атайбыз", - деп билдиришкен аталган министрликтин өкүлү.
Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, Беларуста пандемия башталгандан бери коронавирус илдети 336 миң 8 адамдан аныкталган.