Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө жол бербөө жана аткезчиликке бөгөт коюу максатында, Лейлек районунун кире беришине санитардык-карантиндик пост коюлуп, көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда облуста 2 негизги санитардык-карантиндик пост, чек аралаш аймактарда 5 көзөмөл посттор иштеп жатат. Ал эми кошуна мамлекеттер менен чек арада жайгашкан авто жол көзөмөл өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Мындан тышкары облус боюнча күн сайын базарларда, дүкөндөрдө, калкты тейлөө жана башка мекемелерде рейддер жүргүзүлүп, 1 миң 364 объект текшерилип, санитардык нормаларды сактабаган 129 ишканага айып пул салынды.