30-июнга карата өлкө боюнча дагы 279 адамдан коронавирус аныкталганы маалымдалган. Анын ичинен Ош шаары менен Ош облусунан 1ден гана бейтап катталганы белгиленген болчу. Бирок бул көрсөткүч Ошто коронавирусту аныктаганга тест-системдин жок болуп жаткандыгына байланыштуу экендигин интернет колдонуучулары жазып чыгышты.
"Ушул кантип болсун, ушулбу Оштун камданганы? Ушунча убакыт өттү, карантинде да 2 айдан ашык отурдук. Натыйжада даярдыгыбыз ушулбу? Кантип абал курчуп жатканда бир заматта тестсиз отуруп калабыз?
Бүгүн Ошто оору бир эле кишиден чыкты деп сүйүнбөгүлө. Чынында канчага саны жеткенин тест жок табалбай отурушат", - деп Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматкери Азамат Абсаттаровго багытталып жазылган билдирүүдө. Ошондой эле анда 2000 анализ тоңдурулуп турганы кошумчаланган.
Өз учурунда мэриянын маалымат кызматынан бул билдирүүгө жооп беришти.
"Буга чейин 36 миң даана Eppendorf пробиркасы болгон, ал ПЦР-анализ алгандарга иштетилди. Санитардык-эпидемиологиялык кызматынан кабарлашкандай, башка өлкөлөрдөн алуу үчүн сүйлөшүүлөр болуп жатат. Кыргыз өлкөсүндө жок болуп жатат. Азыр санэпид кызматтын лабораториясында таптакыр жок деген туура эмес. Оор абалдагы бейтаптардын анализине иштетилип жатат. Бүгүнкү күндө 2 миң эмес, 1502 адамдын ПЦР-анализи тоңдурулуп турат. Бул маселени чечүүнүн үстүндө тиешелүү кызматтар иштеп жатат. Түшүнүү менен кабыл алып турууңуздарды суранабыз.
Суроо Саламаттыкты сактоо министрлигине берилиши керек. Бирок мындай кырдаалда баарыбыз бирбиз. Маселе чечилет", - деди Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы.