Австралия коронавирустун кесепетинен жүз жыл аралыгында биринчи жолу көпчүлүк калк жайгашкан Жаңы Түштүк Уэльс жана Виктория штаттарынын чек араларын жабат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, буга чейин эки штаттын арасындагы чек ара 1919-жылы "испанка" тумоосунун айынан жабылган. Учурда штаттардын ортосундагы чек араларды жабуу чечими кабыл алынды.
Виктория штатынын Мельбурн шаарында бир сутка ичинде 127 адамдан COVID-19 илдети аныкталган. Бул пандемия башталгандан бери эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелген. Жаңы Түштүк Уэльстин бийлиги чек ара качан ачылары азырынча белгисиз экендигин билдирген.
Бүгүн, 6-июлга карата Австралияда коронавирус менен жабыркагандардын саны 8 миң 586га жетти. Алардын ичинен 106 адам көз жумган.
Аталган өлкөдө вирустан жабыркагандардын саны башка мамлекеттерге салыштырмалуу аз. Көрсөткүчтүн мындай аздыгы буга чейин Австралиядагы катаал карантин чараларынан улам экендиги айтылат маалыматта.