Беларусь өлкөсү коронавирусту жеңгенин жар салды

Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде коронавирус менен күрөшүүдө алдыңкы орунда турган дарыгерлердин эмгегин баса белгилеп, өлкө коронавирус инфекциясын жеңгенин жар салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"Биздин саламаттыкты сактоо тутумубуз аман калды. Биз бүгүнкү күндө бул ооруну жеңдик деп айта алабыз. Бирок коронавируска каршы күрөшүү деңгээлин төмөндөтпөйбүз", - деген Лукашенко.

Мындан тышкары президент коронавирус инфекциясын толугу менен жеңгенден кийин, дарыгерлер менен өзүнчө жолугушуу болот деп убада кылды.

Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы жалпы 62 миң 424 адамдан аныкталды. 398 адам каза болсо, 47 миң 553 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Farra16gsin
2020-07-02 16:06:46
Кайдан жеңет эми күчөп атса жакында жаңы толкун башталат деп ататко
+1
kuttubekuzgen
2020-07-02 16:29:07
Farra16gsin,буларда жакында президенттик шайлоо болот ошого очко топтот жатканго.
+2
Aman_90
2020-07-02 17:05:05
Азамат президент экен Лукашенко!Бир да чектоолорсуз,карантини жок коронавирус пандемиясын женди.
+5
altyn7776
2020-07-03 09:51:39
Aman_90,женген жок...64 мин адам бар деп атпайбы ооруп аткан...бул доодур суйлой берет
+1
mateus
2020-07-03 11:43:08
Aman_90,Батькага ишенбе, буларда августта президенттик шайлоо отот
0
AdylbekB84
2020-07-02 17:15:24
Лукашенко дагы өзүнүн императорлугун орнотуп алган Беларуссияга, коронавирус жок деп жүрдү эле эми жеңдик дейт дагы 14 400 адам ооруп жаткан чакта!
+1
sabirdinovich
2020-07-02 22:29:21
Мамлекет эмес элден да көз каранды болот. Бизде карантин эрежелерин толук сактабай жатсак, оору көбөйөт да анан
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан