Өткөн суткада 5 медицина кызматкери коронавирус илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек – 1;
Баткен облусунда – 2;
Ысык-Көл облусунда – 2;
Жалпысынан 3 миң 566 медицина кызматкери коронавирус илдетин жуктуруп алган. Анын 3 миң 238и айыгып чыккан.