Бишкек шаарынын коменданты азык-түлүк, дары каражаттары, турмуш-тиричиликке зарыл буюмдарды ташыган жүк ташуучу унааларга карата буйрук чыгарды

Бишкек шаарында калкты азык-түлүк, дары каражаттары жана турмуш-тиричиликке зарыл болгон буюмдар менен камсыз кылуу үчүн жүк ташып жүргөн унааларга блокпосттор тоскоолдук жаратпайт. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Бишкек шаарынын коменданты, ИММдин орун басары Алмазбек Орозалиев айтты. Ал комендант катары мындай буйрукту кечээ чыгарган.

Айтымында, жүк ташуучу унаанын айдоочуларынын жанында жаңы буйруктун көчүрмө кагазы, иштеген жеринен аныктама, унаанын каттоодон өткөндүгү боюнча аныктамасы жана айдоочулук күбөлүгү болушу керек. Жогорудагы документи барларга блокпосттордон тоскоолдуктар жаралбайт.

Муну менен катар эле коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча штаб жүк ташуучу унаалардын айдоочулары да гигиеналык, карантиндик эрежелерди толук сакташы керек экендигин эскертет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан