Бириккен Араб Эмирликтеринен 191 Кыргыз жараны өлкөгө кайтып келишти

Бүгүн, 3-июлда Бишкекке чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештерибиз кайтып келишти. Тагыраагы Дубай-Бишкек каттамы менен 191 Кыргыз жараны "FlyDubai" авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен учуп келгенин республикалык штабдан билдиришти.

Дубай аэропортундагы бекитилген тартипке ылайык, каттамдын бардык жүргүнчүлөрү учуу алдында коронавирус инфекциясына экспресс-тест тапшырышты. Өлкөгө кайтып келгендердин арасында жаш балдар дагы бар. Мекендештер министрликтин алгоритмине ылайык, бардык процедуралардан өтүү үчүн көзөмөлгө алынды.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз жарандарын өлкөгө кайтарып келүү боюнча иштер улантылууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bond0202
2020-07-03 17:37:29
тугонбодуго тентип кеткендер
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан