Министр дары-дармектердин баасын кыйла жогорулатып жибергендердин тизмеси түзүлгөнүн маалымдады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июлда саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Анда министр өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жана коронавирус инфекциясынын таралышына каршы күрөшүүгө көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен дагы бир жолу куттуктады.

"Өлкө үчүн эң татаал учурда кесиптик милдетиңерди татыктуу аткарып жатасыздар. Дарыгерлерибиздин чоң армиясы бүгүнкү күндө элибиздин саламаттыгын жана өмүрүн сактоо максатында өз жанын унутуп коюп, айрымдары үй-бүлөсүн, балдарын көрбөй, айлап иш үстүндө болууда. Медиктерибизге терең ыраазычылык билдиребиз", - деп белгиледи президент.

Өлкө башчы кырдаалды талдоо жана ыкчам чечимдерди кабыл алуу үчүн өз убагында прогноз кылуунун зарылдыгына министрдин көңүлүн бурду.

Бейтаптарды кабыл алуу жана жайгаштыруу алгоритмин зарылдыгына жараша ийкемдүү өзгөртүүгө, бейтаптардын жана дарыгерлердин муктаждыктары жөнүндө так жана өз убагында маалымат берип турууга чакырды. Мамлекет башчысы дагы бир жолу медицина кызматкерлерин мобилизациялоо зарылдыгын белгиледи.

"Азыр прессада, социалдык тармактарда, эл арасында дарыгерлердин көйгөйлөрү активдүү талкууланууда. Дарыгерлердин айлык акысы үзгүлтүксүз, өз убагында берилиши керек. Медицина кызматкерлерин тамак-аш менен камсыз кылуу маселесин жеке көзөмөлүңүзгө алыңыз", - деди Жээнбеков.

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жогорку окуу жайлардын ректорлору менен макулдашуу болуп, медициналык факультеттердин жогорку курстарынын 70ке жакын студенттери ишке тартылганын, дагы 30 студент "Тез жардам" кызматтарынын ишине тартылганын маалымдады.

Ошондой эле министр Бишкек шаарында алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн 4 стационардык борбордо 7 миң кошумча орундуктар уюштурулуп, ага 3 дарыгер жана 6 медайым жөнөтүлөт дейт.

Сабиржан Абдикаримов дары-дармектердин баасын кыйла жогорулатып жибергендердин тизмеси түзүлгөнүн маалымдады. Тизме республикалык штабга жөнөтүлдү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан