Соңку 24 саат аралыгында өлкө боюнча 1319 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталды. Ооруну жуктуруп алгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталганын саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.
Бишкек шаары - 715;
Ош шаары - 25;
Чүй облусу – 225;
Ош облусу - 87;
Талас облусу - 15;
Нарын облусу - 5;
Ысык-Көл облусу – 44;
Жалал-Абад облусу – 109;
Баткен облусу - 84.
Республикада илдет катталган күндөн бери жалпы 137 миң 58 жаран жабыркады.