Бүгүн, 4-июлда Москва-Ош каттамы менен 148 Кыргыз жараны өлкөгө кайтып келди. Маалыматты республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Өлкөгө кайткандардын тизмеси жарандардын жеке кайрылууларынын негизинде түзүлгөн. Ага ылайык, мекенге студенттер, кош бойлуу аялдар, кичинекей балдары бар энелер жана операция жасаткандар, жакындарын жоготкондор кайтып келишти. Чет өлкөдөн келгендердин баары обсервацияларга жайгаштырылды.
Бул каттам президенттин жана өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларынын алкагында жүзөгө ашырылды.
Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз жарандарын өлкөгө кайтарууну уюштуруу иштери улантылат.