Бишкек шаарындагы көп балалуу жана муктаж үй-бүлөлөргө 6 миң кап ун бөлүндү

“Шаардык бюджеттен дээрлик 15 миӊ жакыр үй-бүлөгө азык-түлүк топтомун май, чай, кант, макарон, күрүч берүү пландалды. Муктаж адамдардын санын тактоо боюнча акимиаттарда социалдык кызматкерлер, үй жана кварталдык комитеттердин өкүлдөрүнөн турган райондук штабдар иштеп жатат. Алардын баары биринчи керектүү азык-түлүк топтомдору менен камсыздалат”, - деди бүгүнкү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов.

Анын айтымында, өкмөттүн чечими менен Бишкек шаарына көп балалуу жана муктаж үй-бүлөлөргө 6 миң кап ун бөлүнгөн, ундун 50 пайызы муктаждарга жеткирилди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан