Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы иш кылып жаткан депутаттар болсо кабарлашып коюусун сурады

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу иш кылып жаткан депутаттар болсо, кабарлашып коюусун сурады. Бул тууралуу кайрылуусун ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Ушул карикатура айрым бир кесиптештеримдин - чиновниктердин намысына катуу тийсе керек. Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга кеткен жок, бир ай эл менен иштейт, бир ай иш өргүүсү, ошону айтып койбойсуңарбы. Мыйзам боюнча ушундай дейт.

Анда айтып атам: мыйзам боюнча Сабырбек Жумабеков Ганси борборунда ковид менен күрөшпөшү керек, травматологияда олтурушу керек. Ага окшош дагы жүздөгөн врачтар - кардиолог, дерматолог, акушерлер ковид менен күрөшпөшү керек. Бирок алар жүрөктүн, адамгерчиликтин мыйзамына баш ийип жөнөкөй доктур, санитарлар менен чогуу чуркап, өмүрлөрдү, биздин жакындарыбыздын өмүрлөрүн сактап жүрүшөт. Эл өкүлдөрү да азыр ошолордой эле элдин арасында болушу керек. Менин жообум ушундай.
Өзүм да ооруганыма байланыштуу соңку эки аптадан бери депутаттар менен байланыш жок. Бирок социалдык тармактардан ким элдин арасында жүргөнүн көрүп атабыз. Алар: Пархат Түлөндүбаев, Марлен Маматалиев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Элвира Сурабалдиева, Алтынбек Сулайманов, Исхак Пирматов, Дастан Бекешев. Ушул депутаттар азыр элдин арасында жүрөт. Дагы ким эмне иш кылып жаткан болсо, урматтуу эл өкүлдөрү, мага чалгыла. Дагы деле басма сөз кызматында иштеп атам, дагы деле тирүүмүн. Сиздердин иштерди сайтыбыздан, социалдык тармактардан айтып турууга жарайбыз.
Анан бирөө жардам берсе, ич күйдүлүктү токтоткулачы, урматтуу саясатчылар. Андан көрө сиздер да бир ийне болсо да жардам кылыңыздар. Биз муну ынтымактын үлгүсү катары жарыялап туралы.
Ушул карикатура чынында менин да намысыма тийди. Катуу ачууланып, өзүмдүн түз жетекчим төрага Дастанбек Жумабековдун кеңешчилерине чалдым, кур дегенде агасы иштеп аткан Гансиге жардам кылса, биз жарыялайт элек деп. Айтымында, үй-бүлөсүнүн атынан жардамдарды күндө берип атышыптыр. Бул ишти жөн калтырбайбыз, туугандар. Депутаттардын ар бир кылган кайрымдуулук иши боюнча толук маалыматтарды беребиз.
Президентибиз кийинки шайлоо күнүн белгиледи. Азыркы оору кимдин ким экенин ачык көрсөттү. Эми үгүт кампанияларга деле муктаждык калбады. Пандемия шартында болсо да, ушул оор күндөрдү эстеп, туура адамдарды шайлап алууга баарыбызда мүмкүнчүлүк бар. Мыйзам боюнча бийликтин ээси - эл", - деп жазган Ибраим Нуракун уулу.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу 18-июнда коронавирус илдетине чалдыгып, 27-июнда айыгып калганын билдирип, ооруканадан чыккан.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
TIMON_BERKOWITZ
2020-07-05 09:15:06
Кетсе ошондон ары келбес болуп кетишсечи, ошол деле чон бардам болмок!
+4
talaa11
2020-07-05 09:40:42
Просто упай топтомой шайлоонун шайтан оюундары уже башталды 120 кой элди аралап кетишти маараган бойунча
+2
alishsapan
2020-07-05 11:55:25
1 ай эл менен иштеп 5 жыл өзүңөргө иштеп жакшы экен биздин атка минерлердин иши бул кетишибизде жок болуп кетпесек эле болду Кыргызстанды карапайым эл биз эле сактап турабыз болбосом эбак эле сатып тоноп жок кылмаксыңар 3 айда 6 жүз миллион доллардын эсебин бере албайтасыңар 2010 дон бери иштеген отчётуңарды элге бергиле 7 апрель баатырлары сиздер эмне талап кылбайсыңарбы төрөлө элек балдарыбызга чейин карызга тыгып салышты убактылуу өкмөт азыркы бийлик
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан