Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Усеин Касмалиев 39 жашында коронавирус илдетинен каза болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Усеин Турсунбекович 1981-жылы 18-ноябрда Нарын шаарында төрөлгөн.
Ал үч жогорку окуу жайда билим алып, артыкчылык менен аяктаган. Мамлекеттик кызматтын кеңешчиси, 1-класстагы муниципалдык кызматтын инспектору.
Өзүнүн иш жолунда: жер тилкелерин сатуу боюнча жетектөөчү адис, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын жардамчысы жана консультанты, өкмөткө караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директорунун орун басары кызматтарын аркалаган. Усеин Касмалиев борбор калаанын мэриясынын буйругу менен Билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп эмгектенген.
Артында үй-бүлөсү жана төрт баласы калды.