Тажикстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталгандардын рекорддук көрсөткүчү катталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Тажикстанда сутка ичинде 205 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталып, 2 бейтап каза болду.
Бул көрсөткүч менен коңшу өлкөдө жалпы 1 миң 729 адамдан инфекция аныкталса, 41 бейтап бул илдеттин курмандыгы болду.
Эске салсак, Тажикстанда коронавирус инфекциясы расмий түрдө 30-апрелде 15 адамдан аныкталган. Алардын ичинен 10 адам Согди облусунун тургундары болсо, 5 адам борбор шаар Дүйшөмбүнүн жашоочулары.