Депутат Чыныбай Турсунбековдун абалы туруктуу экени белгилүү болду

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков пневмонияга кабылганы жана анын абалы оор экени айтылган. Депутаттын учурдагы абалы тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирүү жасады.

"Урматтуу кесиптештер, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун абалы оор деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Азыр эле жубайы менен сүйлөштүм. Кан басымы, дене табы, сатурациясы - баары жакшы. Үй-бүлө мүчөлөрү менен сүйлөшүп жатат. Доктурлардын айтымында, жакынкы күндөрү ИВЛ аппаратынан чыгып, үйүнөн дарыланууга уруксат берилиши күтүлүүдө. Жалпы абалы жакшы жана туруктуу. Алдын ала диагнозу пневмония. Коронавирус инфекциясына карата тапшырган ПЦР-тести таза чыккан. Баарыңыздарга чың ден соолук тилейбиз!", - деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kechirmeni
2020-07-06 07:41:03
Аллахым шыпаасын берсин. Мен ушул пцр тест дегенге ишенбей калдым. Или аппараттар начар же бул оору регенерация болуп өзгөрүп чыкпай атат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан