"10 миңден ашуун жаранга насыя төлөмдөрүн мөөнөтүн узартып төлөө мүмкүнчүлүгү берилди" дейт банк өкүлү

Бүгүн, 8-майда "Айыл Банк" коомунун башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу жарандарга жана ишкерлерге берилип жаткан жеңилдиктер тууралуу маалымат берди.

"Учурда аймактарда банктын филиалдарынын 103 мекемеси иштеп жатат. Өзгөчө кырдаал шартында дагы 2 мекеме ачылган. Жалпы насыялык портфелдин суммасы 21 миллиард сомдон ашык. Өлкөдөгү абалга жараша банк кардарларына өзгөчө шарт түзүп берүүгө аракеттерди жасап келүүдө. Мониторинг жүргүзүүнүн негизинде, 10 миңден ашык кардар насыя төлөмдөрүн мөөнөтүн узартып төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Узартып төлөө 3 айга чейин уруксат берилет", - деди банк өкүлү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан