Кыргыз журналистикасы оор жоготууга учурады. Журналист Бүбүкан Досалиева каза болду

Кыргыз журналистикасы оор жоготууга учурады. "Азаттык" радиосунун журналисти Бүбүкан Досалиева каза болду. Бул тууралуу анын жакындары социалдык тармакка жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, журналист кечээ, 5-июлда 62 жашында дүйнө салды.

Бүбүкан Досалиева белгилүү журналист, илимпоз, саясат таануучу, педагог. Ал саясат таануу боюнча илимдеринин кандидаты. Бүбүкан Досалиева КТРК, "Сары Өзөн Чүй" каналдарында иштеген. Ошондой эле бир катар университеттерде журналистика боюнча сабак берген.

Ал 1995-жылдан бери "Азаттык" радиосунда иштеп келген.

SUPER.KG порталы Бүбүкан Досалиева көз жумгандыгына байланыштуу жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Adil18
2020-07-06 07:43:20
Жаткан жериниз жайлуу,топурагыныз торко болсун.
Олум ар бирибиздин башыбызда бар экенин унутпайлы бийликтеги жетекчилер.
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан