Коңшу Казакстандын Алматы шаарындагы Борбордук шаардык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Алмаз Жувашев мекеменин дарыгерлеринин арасында коронавирустун жайылышынан кийин иштен алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Оорукананын башкы дарыгери Алмаз Жувашев 14-апрелде кызматынан бошотулду. Ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган", - деп билдирген мекеменин басма сөз кызматынан.
Буга чейин Алматы шаарынын коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы 14-апрелде шаардын борбордук ооруканасынын медицина кызматкерлеринен 110 инфекция жуккандыгы аныкталганын айткан. Мындан тышкары ошол эле күнү шаардагы ар кандай медициналык мекемелердин дагы 6 кызматкеринен коронавирус табылгандыгын билдирген. Муну менен аталган ооруканада жалпы 147 дарыгер коронавирус жуктуруп алган.