Бишкектин кичинекей тургундары темир чогултуп, сатып дарыгерлерге тамак-аш алып беришти

Бишкектин кичинекей тургундары болгон үч бала темир сатып дарыгерлерге тамак-аш алып берди. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу жазып, сүрөт жүктөдү.

Анын айтымында, өлкө үчүн оор кырдаалда кичине болсо дагы өздөрүнүн салымын кошкусу келген бөбөктөр Мирлан Даанышман аттуу кишинин уулдары.

"Мирлан Даанышмандын уулдары экен. Көрсө, мотурайган бөбөктөр өздөрү чогулткан темир-тезегин сатып, "ооруп жаткан 60 адамга тамак-аш жасап берсин" деп ата-энесине беришкен экен. Аманбол ошол наристелердин түйшүгүн тартышып, балдардын атасы менен кошо жүрүптүр. Кантип кубанбайсың? Түнү менен кыйналганымды унута түштүм. Мирландын уулдарынын аракети элге дем боло турган окуя. Келечегибиз ушуларда. Ынтымак, кыйын мезгилде бир муштумга түйүлгөн сапат кыргыздын канында бар. Алдыга үмүт менен карайлы...", - деген ал билдирүүсүндө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kozuwka
2020-07-06 16:55:02
Азаматтар! Силер элге берсенер, силерге кудайым эки эселеп берсин!
+8
Nargizab
2020-07-06 17:44:05
Мыкты тарбия корнон уулдар экен. Азаматтар.
+6
Majit1975
2020-07-06 18:45:38
Молодцы
+1
Raihan0602
2020-07-07 10:05:14
Мотурайган жөжөлөр аман болгула Ата Энеңердин сыймыгы болуп жүрө бергиле. Өмүрүңөр узүн болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан