Жалал-Абадда бир суткада 129 унаа айып короосуна токтотулду

Бугүн, 21-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков өзгөчө абал кирген аймактардагы кырдаал, эпидемиологиялык абал боюнча жыйын берип жатат.

Жыйында Жалал-Абад облусу боюнча сутка ичинде 18 кылмыш иши катталды. Анын ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган 4 жаран кармалганы айтылды. Катталган кылмыштардын арасында оор жана өзгөчө оор кылмыштар жок.

"Жалпысынан бир сутканын ичинде шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнө 123 жаран жеткирилип, алар менен тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Ошондой эле 129 автоунаа айып короого жеткирилди", - деди комендант.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан