Бош орундар тууралуу маалыматтарды саат сайын жаңылап туруу керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов штабдын жыйынында айтып, системди мүмкүн болушунча тезинен киргизүүнү тиешелүү тараптарга тапшырды.
"Учурда "Тез жардам" кызматынан тышкары бейтаптарды медицина мекемелерине жеке унаалар менен алып келишүүдө. Кээде ооруканаларда бош орундар жок болуп калган учурлар болуп жатат. Ушундан улам жарандардын нааразычылыгы келип чыгууда. Мындай шартта кандайдыр бир эсептөө жүргүзүү кыйын экендигин түшүнүп турам, бирок зарыл болуп жатат. Бош орундар тууралуу маалыматтарды саат сайын жаңылап туруу керек. Бул дарыгерлерге дагы, ооруга чалдыккандарга дагы жеңилдик алып келет. Алар орун издеп бир нече оорукананы кыдырышпайт", - дейт өкмөт башчы.