Бүгүн, 18-октябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 39 миллион 698 миң 835 болду. Анын ичинен 27 миллион 313 миң 844 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 миллион 110 миң 226 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 8 миллион 106 миң 751 адамдан коронавирус аныкталды. 219 миң 289 адам каза болсо, 3 миллион 220 миң 573 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 7 миллион 449 миң 551 адамдан аныкталды. 114 миң 31 адам каза болсо, 6 миллион 597 миң 209 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 5 миллион 224 миң 362 адам вируска кабылган. 153 миң 675 бейтап көз жумса, 4 миллион 526 миң 393 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.