Коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан аял кишинин аты-жөнү аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Көк-Жар айылынын Т.Ш. аттуу 1970-жылы туулган тургуну кармалды. Ал коронавируска шектелип Көк-Жар айылынан 50 адам аныкталды деген маалыматты социалдык тармак аркылуу тараткан. Жаран Аламүдүн РИИБине жеткирилип, ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Андан соң ал элден кечирим сураган. Учурда анын аракетине юридикалык баа берилмекчи", - деп жазылат маалыматта.