Баткенде коронавирус жуктуруп алган бейтап ооруканадан качып чыккандан кийин каза болду

Баткенде коронавирус менен ооруп жаткан жаран ооруканадан качып чыккандан кийин каза болуп калды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-июль күнү Баткен шаарынын 56 жаштагы Ш.Б. аттуу тургуну коронавирус менен ооруп, Баткен шаарынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жаткан жеринен качып кеткен. Бул факты Баткен ШИИБинде каттоого алынып, тийиштүү кызматкерлер окуя болгон жерге барып, төмөнкүлөрдү аныкташкан.

"Аталган тургун 2-июль күнү Бишкек шаарынан келип, Баткен шаарынан ПЦР-анализ тапшырган. Анализдин жыйынтыгы оң натыйжа көрсөткөндүктөн, ошол күндөн тарта жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылып, дарыланып жаткан. Ал эми 7-июль күнү жаран өзүм билемдик менен өзгөчө кырдаал режиминин шарттарын бузуп, санитардык эрежелердин нормаларын сактабай, оорусунан толук айыкпай туруп ооруканадан качып кеткен.

Ооруканадан качып кеткенден кийин Баткен ШИИБинин кызматкерлери медицина кызматкерлери менен биргеликте качып кеткен жарандын жашаган үйүнө барганда, ал ооруканага жатпай турганын айтып, эскертүүлөргө баш ийген эмес. Айласы кеткен медицина кызматкерлери үй шартында да дарыланса болот деген жыйынтыкка келишип, бейтапты үйүндө калтырып коюшкан. Ал жаран 8-июль күнү каза болуп калган. Учурда тийиштүү иштер жүрүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Баткенде коронавирус аныкталган бейтап качып кетип, каза болуп калды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ZUXRIDDIN20
2020-07-09 14:25:10
Атайын даары сайып өлтүрүп койушпады бекен
-10
-BOSS-
2020-07-09 17:06:09
ZUXRIDDIN20, өтүп кеткен бейтап экөөң бирдей ой жүгүртөт экенсиңер!
+12
Pikir-add
2020-07-10 11:03:10
Бир нерсени билгени үчүн качкан !!!
Туура эмес даарылап абалын начарлаткан врачтарды подсуд!!!
P.S.
Эгер баары норма болсо артынан кууп менттер менен бармак эмес ак халатчан м..р!!!
-3
-BOSS-
2020-07-10 11:59:24
Pikir-add, менттер менен медиктер элдин ден-соолугун ойлоп, качып кеткен бейтап башкаларга оору жугузбасын деп барат.

Не мынча оюңар жаман, бир адамды не максатта өлтүрөт медиктер, не пайда табышат? Логикаңарга....
0
Bak.taalai
2020-07-10 12:07:54
-BOSS-,көгөрүп кеткен бөксө мээлер көп да. Ой жүгүртүүсүн кара эми медик милиция болбосо давно олушмок
0
Bak.taalai
2020-07-10 12:06:37
Pikir-add,мээ токой
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан