"Тажикстан менен чектеш жайгашкан Чоң-Алайдан кирип-чыгуу чектелдиби?". Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жообу

Бүгүн, 14-майда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев онлайн маалымат жыйын берди.

Жыйында Тажикстанда вируска байланыштуу кырдаал курчуп жатканы айтылып, ага байланыштуу суроолор дагы берилди.

Суроо: "Тажикстан менен чектеш жайгашкан Чоң-Алай районунан өтүү маселеси кандай каралып жатат? Кирип-чыгуу чектелдиби?"

Буга өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү төмөндөгүдөй жооп берди.

"Биздин облуста Тажикстан менен чектеш аймакта эки өткөрмө бекети бар. Алар "Кара-Мык" жана "Бор Дөбө". Экөөндө тең санитардык-карантиндик пункттар уюшулган. Обсервацияга ылайык шарттар түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ошол чек ара пункттарын убактылуу жаап туруу боюнча жарандардан дагы кайрылуулар келип жатат.

Ошол эле маалда "Орусиядан мекендештерди алып келбейсиңер" деп нааразы болуп жатышат. Орусиядагыларды алып келип, босогодо турган мекендештерди киргизбей коюу туура эмес да. Андыктан биз мамлекет катары баарына шарт түзүп беришибиз керек. Тажикстанда биздин студенттер дагы бар экен. Алар тажикстандык кыргыздар. Алардан дагы элчилик аркылуу каттар келип жатат. Баткен тараптан да келгендер бар. Алардын арасынан ооруга чалдыккандар чыкты. Өзбекстанда калып калган биздин жарандар келип жатышат. Бирок алардын арасынан оору жуктуруп алгандар болгон эмес. Сырттан келген бардык жарандар тыкыр көзөмөлдөн өтүп, анализ тапшырышат жана обсервацияларга алынат. Айрымдарынын үй шарты жакшы болсо, үй карантинине чыгарылат"
, - деп жооп берди Узарбек Жылкыбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан