Тажикстандын президенти өлкөдөгү жакыр адамдарга материалдык жардам көрсөтүүнү тапшырды

Бүгүн, 11-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкөдөгү жакыр жашаган адамдарга минималдуу айлык акынын өлчөмүндө материалдык жардам бөлүү тууралуу өкмөттүн токтомуна кол койду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, президент Тажикстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык жактан коргоо министрлигине, Эмгек, миграция жана жумушка орноштуруу министрлигине, Ички иштер министрлигине жана Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыздандыруу жана пенсия агенттигине адамдардын аярлуу топторунун тизмесин 2020-жылдын 1-августуна чейин түзүүнү тапшырды.

Ошондой эле жооптуу министрликтерге жана ведомстволорго бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыздоо жана Тажикстандын Финансы министрлигине маалымат берүү тапшырылды.

Акыркы маалыматтар боюнча, Тажикстанда жалпы 6 миң 506 адамдан коронавирус аныкталды. 55 адам каза болсо, 5 миң 176 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан