Тамада Эрнест Бөрүбаев Бишкектеги "Семетей" обсервациясындагы таштандылар кайда төгүлөрүнө кызыкты. Министрлик анын билдирүүсүнө жооп берди

Тамада, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин коомдук кеңешчиси Эрнест Бөрүбаев Бишкектеги "Семетей” обсервациясындагы (мурдагы "Ганси" авиабазасы) көрүнүштү видеого тартып, интернетке жарыялады. Ал оор абалдагы бейтаптар менен жакындары терезе аркылуу бири-бири менен байланышып жатканын, ал жайдагы таштандылар төгүлбөй турганын айтып видеого тарткан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен "Семетей" госпиталындагы таштандылар күн сайын чыгарыларын жана дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп турарын билдиришти.

"Бишкектеги күндүзгү ооруканалардан, стационарлардан, анын ичинде "Семетей" госпиталындагы медициналык жана тиричилик таштандыларын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу иштери "Эко Комплекс" ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлөт.

Иш-чаралар республикалык штабдын милдеттерине ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлигинин инфекциялык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин сунуштарына ылайык жүргүзүлөт.

"Семетей" пунктундагы медициналык таштандыларды чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу санитардык-эпидемиологиялык стандарттарга ылайык жүргүзүлөт. Турмуш-тиричилик таштандылары да чыгарылат. Жогорудагы иш-чаралар күн сайын саат 17:00дөн баштап жүргүзүлөт. Жарандардан социалдык тармактар аркылуу такталбаган билдирүүлөрдү таратпоону суранабыз", - дешти мекемеден.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ananaska
2020-07-14 23:01:51
Мусорный бак коюп беришсе болмок...
+3
Shef87
2020-07-15 00:18:12
Терезеден кантакт болгондорго ким жооп берет
+5
uz.nookat
2020-07-15 09:06:33
Эрнист сиз эн эле кыргызга куйгон инсансыз рахмаат
+3
Krai
2020-07-15 09:10:37
Көзүнө сайып көрсөтүп атса да факт менен жалган маалыматтарды таркатпагыла дейт го мекемеси
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан