Бүгүн, 12-июлга карата дүйнө жүзүндө COVID-19 илдети менен жабыркагандардын саны 12 миллион 681 миң 472ни түздү. Анын ичинен 6 миллион 980 миң 671 бейтап ооруну жеңип чыкты. Тилекке каршы, бул оорудан 564 миң 420 бейтап каза болду.
АКШда коронавирус менен жабыркагандардын саны 3 миллион 245 миң 158ге жетти. Айыккандар - 995 миң 576, каза болгондордун саны - 134 миң 764.
Ал эми Бразилияда вирус 1 миллион 839 миң 850 адамга жукту. 1 миллион 244 миң 71 адам ооруну жеңсе, 71 миң 469 бейтабы көз жумган.
Индияда 820 миң 916 адам вирустан жабыркаган. 515 миң 386сы оорудан сакайган. Тилекке каршы, 22 миң 123 бейтап кайтыш болду.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун жайылуусу боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.