Бүгүн, 20-сентябрда коңшу Өзбекстандын вице премьер-министри Уктам Барноев коронавирус инфекциясынан улам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маркум Уктам Барноев 56 жашта болчу. Ага COVID-19 диагнозу июль айында коюлган. Ал буга чейин Өзбекстандагы "Акфа Медлайн" менчик клиникасында дарыланып, кийинчерээк дарылануусун Германияда улантып жатканы белгилүү болду.
Өзбекстанда жалпы 51 миң 235 адамдан коронавирус аныкталды. 429 адам каза болсо, 47 миң 271 бейтап айыгып чыкты.