Муктаж болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш азыктарын сатып алуу үчүн 200 миллион сом бөлүндү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Чечимге ылайык, Каржы министрлиги өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал мезгилинде турмуштук оор абалда калган жарандарды тамак-аш азыктары менен камсыздоо иш-чараларына 200 миллион сом өлчөмүндө акча каражатын бөлдү.
"Бул чечим калктын социалдык жактан аярлуу катмарына кирген жарандардын коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында колдоо максатында кабыл алынды. Каржылоо "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" өлкө мыйзамында каралган мамлекеттик бюджеттик резервинин каражаттарынын алкагында жүргүзүлөт.
Аймактардагы тийиштүү гуманитардык жардамды бөлүштүрүү үчүн өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жеке жоопкерчиликти алат", - деп айтылат маалыматта.