Кыргыз өлкөсүндө акыркы эки аптада COVID-19 жана пневмониядан жабыркагандардын саны кескин жогорулады. Алсак, пневмония илдети менен күрөшүп жаткандардын ичинен акыркы бир суткада 41 бейтап каза болсо, коронавирустан көз жумгандар 7 адамды түзгөн. Муну менен республика боюнча март айынан тарта пневмониядан 423, коронавирустан 132 адам көз жумган.
Дүйнө жүзүн каптаган апааттан бардык мамлекеттер жабыр тартып жатат. Бирок мындай оор кырдаалда бири-биринен колдон келген жардамын аябай, ооруну биргеликте жеңүүгө аракет кылып жаткан Кыргыз элине башка улуттардын өкүлдөрү суктанып, социалдык тармактарда билдирүүлөрдү калтырууда. Кыргыз өлкөсүнүн ыктыярчылары тууралуу Орусиянын "Мир" телеканалы атайын сюжет даярдаса, коңшу Казакстандын жарандары "Кыргыздар чындыгында улуу, тайманбас, ынтымактуу калк экенин моюнга алыш керек" деген билдирүүлөрдү жазышкан.
Буга чейин Орус жараны Вадим Захаряевдин "Оор кырдаалда Кыргыз өлкөсү кандай күрөшүп жаткандыгы мени таң калтырды. Баары биригип, ар бири колунан келген жардамды көрсөтүүдө" деген пикири социалдык тармакка жарыялаган.