Бүгүн, 12-июлда Бишкекке Москвадан дарыгер жана медкызматкерлердин экинчи тобу учуп келгенин республикалык штабдан кабарлашкан. Бирок аларды аэропорттон эч ким тосуп албай койгонун Шахмат федерациясынын вице-президенти Жаныбек Асанбеков социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Ал учурдагы оор абалда ыктыярчылык да кылууда.
"Москвадан Бишкекке 50дөй ыктыярчы дарыгерлер учуп келишиптир. Аларды вице-премьер Акрам Мадумаров, депутаттар Жанар Акаев менен Алтынбек Сулайманов тосуп алышмак экен. Бирок алардын бири дагы тосуп алууга келбей, транспорт менен камсыздабай койгон.
Дагы жакшы аэропортко өз адамдарыбызды чакан автобус менен узатып коюуга барган экенбиз, аларды мейманканага чейин жеткирип койдук. Дарыгерлер баарын таштап, бизге жардам берүүгө келсе, алардын билетин курулуш компаниясы төлөп берип жатса, өкмөт болгону транспорт менен да камсыздай албай койду. Уят!" - деп жазган ал.