Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун жана анын орун басары Нурболот Үсөнбаевдин абалы туруктуу. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
"Саламаттыкты сактоо министринин жана анын орун басарынын абалы туруктуу. Алар Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатышат. Алардын качан жумушка чыгары азырынча белгисиз. Себеби аларды дарылап жаткан дарыгерлер ооруканадан качан чыгарылары жөнүндө айтыша элек", - деди Акматова.
Эскерте кетсек, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов пневмонияга жана анын орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус илдетине чалдыккан.