Акыркы сутка ичинде өлкөдө пневмониядан 26, коронавирустан 10 адам каза болду

Акыркы сутка ичинде өлкөдө пневмониядан 26, коронавирустан 10 адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан маалым болгон.

Март айынан бери пневмониядан жалпы 177, ал эми коронавирустан жалпы 88 адам өмүрү менен кош айтышты.

Пневмония тууралуу статистика республикалык штаб тарабынан акыркы күндөрү гана берилүүдө. Бирок ушул күнгө чейин өкмөт, Саламаттыкты сактоо министрлиги же республикалык штаб тарабынан эмне үчүн пневмония тууралуу статистика өзүнчө бериле баштагандыгы жана башка бир канча жагдайлар боюнча кенен маалымат бере элек.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bratanyn
2020-07-05 23:42:15
Пневмониясы эмне?
0
Kudi
2020-07-06 08:49:06
bratanyn,өпкөнүн шамалдаганы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан