Ырчы Айпери Сыдыкова ооруп калганын айтты

Ырчы Айпери Сыдыкова коронавирус инфекциясын жуктуруп алганын айтты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Бул ооруну жугузбоо үчүн жайлоого эле кетип калыш керек болчу тура. Канчалык аракет кылбайын бари бир жукту. Жөн эле шамалдап калдым деп ойлогом. Биринчи күнү эле сөөктөрүм зыркырап, башым катуу ооруп, көздөрүм таалыды. Дары ичип, уктап турсам ооруган жерлерим басылыптыр. Бирок мурдум жыт билбей, даам сезбей калдым. Жөтөлгөн жокмун, дене табым да көтөрүлгөн жок. Чыйрыгып, денем уюп калгандай чымырап, оозум кургап жатат.

Жолдошум биринчи ооруду эле. Ал бир топ жакшы болуп калды. Буга чейин кокус ооруп калсам эч кимге билгизбейм деп ойлоп жаткам. Азыр айтып атканымдын себеби, мүмкүн болсо алыс жакка кетип калгыла. Мен аябай эле аракет кылдым, иммунитетимди көтөрүүнүн түрдүү жолдорун жасадым. Кантсем да качып кутула албадым", - деген ырчы.

Буга чейин ырчы Дайыр Исмадияров да коронавирус инфекциясын жуктуруп алганын, илдет жеңил формада өткөнүн айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aika1988
2020-07-13 23:13:41
Ким каяктан качан эмне болуп жугузуп алат белгисиз да.Айылга кете калайын дедик эле биз уч балабыз бар кудай сактасын.Айылга келбегиле Бишкектен айылда ооруканалар бирден эле алсыз деп кайрылуу болгондон кийин калып калдык Бишкекте .Жолдошум базарда иштейт кундо кудайдан тилеп отурам тынч келсе экен деп балдарымы да ойлойм да..Жаман оору токтосо экен Эми.
+7
AksyKum
2020-07-13 23:24:00
Бир кишиге сени каракурт чагып олосун десе ал да Айпериге окшоп жайлоого кетип калган экен.балдары коргону келде жузум ала келишкен экен ошону жеп атканда оозун чагып олгон экен
+5
HHFRU
2020-07-13 23:35:50
Айылга барбай турган эле оң деп ойлойм. Ал жакта кары-картаңдарга жукса, өмүрүн сактап калыш кыйын. Больницалары жакшыраак деген Бишкек эмне болуп жатат.
Кээ бир адамдарда симптому жок өтүп, бирок башкаларга жугузушу мүмкүн(носитель). Ошондуктан оорубаган адамдар да, жакындарын ойлоп, ары-бери каттабай турганы оң.
Баарыныздарга ден соолук!
+5
Tymar
2020-07-14 01:20:06
Тенирим колдоп, ден соолукта бол
-7
kelemdedin
2020-07-14 21:43:32
Айыгып кет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан