Мектептерде салтка айланган бүтүрүү жылдарынын мааракелерин өткөрүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов аймактардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйынында билдирди.
Ага ылайык, быйыл мектептерде 10, 20, 30, 40 жылдыктарды өткөрүү аземдеринен баш тартып туруу керектиги айтылды.
"Мындай иш-чараны өткөрөбүз дегендер, албетте, биринчи кезекте мектепке барат, класстарга кирет, мугалимдерине жолугат. Мектептер жабык экенин билебиз. Бул өз кезегинде өзгөчө абалдын эрежелерин одоно бузуу болуп саналат. Эгер салт болгондой мектепке кол сунуп жардам бергиңиздер келсе, ал жардамды дистанциялык шартта ишке ашырсаңыз болот. Ал эми 20 жылдык өткөрүүнү каалагандар быйыл токтото туруп, кийинки жылы 21 жыл болгондо белгилеп койсо деле болот. Ошондой эле мектеп бүтүрүүчүлөрүнө дагы жаратылыш шартында эс алып же башка массалык иш-чараларды уюштурууга уруксат берилбегенин айта кетейин", - дейт Малик Нурдинов.