Түркмөнстанга Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү келери менен өлкө президенти эс алууга чыгып кетти

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү Түркмөнстанга келгенинен бир нече саат өткөндөн кийин өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов эс алууга чыгып кетти. Андан бир күн мурун мамлекет башчысы өкмөттү эс алууга жөнөткөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун беш өкүлү Түркмөнстанга коронавирустун жайылуу коркунучун баалоо жана инфекцияны көзөмөлдөө механизмдерин иштеп чыгуу үчүн келген. Делегациянын башында турган Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европадагы кеңсесинин өзгөчө кырдаалдар боюнча улук адиси Кэтрин Шамвуд эксперттер Түркмөнстандын саламаттыкты сактоо тутумунун жогорку кызмат адамдары жана адистери менен жолугушууну пландап жаткандыгын билдирген. Иш сапардын негизги максатын ал коронавирустун өлкөгө кириши үчүн даярдык көрүүдө өкмөткө жана Саламаттыкты сактоо министрлигине жардам көрсөтүү экендигин айткан.

Мындан тышкары аталган уюмдун өкүлдөрү он күндүк иш сапардын алкагында, бир катар медициналык уюмдарга, коомдук ден соолук борборлоруна, лабораторияларга, республикалык, облустук жана шаардык деңгээлдеги башка мекемелерге жана өлкөгө кирген чек ара пункттарына барышат.

Түркмөнстандын өкмөтүнүн расмий маалыматына ылайык, бул өлкөдө коронавирус инфекциясы каттала элек.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Aimani
2020-07-07 23:27:16
Биздикилерден үйрөнүп алышкан окшойт
+2
engel
2020-07-08 00:15:07
Бизге да келишсинчи сураныч
+3
AdylbekB84
2020-07-08 00:59:53
Хе Курбангулы артистигин ушул жерде да көрсөткөн турбайбы.
+6
TIMON_BERKOWITZ
2020-07-08 01:16:49
Же коронавирус алып келди деп корккон же саясий шоу!
+3
gulya583
2020-07-08 05:25:21
Бирок жайлаптыр. Тоготпой кетип калып, ким экен БУУданбыз деп тим эле. Эч бир мамлекетке сырттан кийлигишуунун кереги жок. Ар ким оз билгенин кылат.
+3
batleybesh
2020-07-08 08:14:51
gulya583,Созуна кошулам. АКШ жана чоон мамлекеттерге Гана иштейт БУУ.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан