Бүгүн, 14-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү азыркы кырдаалга байланыштуу эпидемиологиялык абалды жана коронавируска каршы күрөшүү үчүн көрүлүп жаткан иштер боюнча онлайн маалымат жыйын берди.
Анда премьер-министр керектүү делинген дарыларды катып жаткан эки кампа табылганын айтты.
"Дарыларды мыйзамсыз ташып келүү боюнча 13 кылмыш иши аныкталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Кампаларда катып алып, дары-дармек тартыштыгын атайылап жасап жаткан 2 иш катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Кампалардан гепарин, арбидол, анаферон жана башка көптөгөн керектүү делинген дары-дармектер табылды. Ал эми дарыларды кымбат баада сатып жаткан алып-сатарларга 8 кылмыш иши ачылды", - деди Боронов.